super.kg logo

Белгилүүлөр кандай бет кап тагынууда? Өмүрбек Текебаевдин "балыктары" бар бет кабынан баштап, президенттин көйнөккө өңдөш бет кабына чейин

 

Жер шарын каптап, кары-жашына, бай-кедейине карабастан жугуп жаткан илдеттен жабыр тартпаган өлкө деле калган жок. Коронавирус чыккандан тарта дарыгерлер адамдарды бет кап кийип жүрүүгө талыкпастан чакырып келишет. Өзүнүн жана айланадагылардын ден соолугу үчүн кам көрүп, жоопкерчиликти сезе билген адамдар көп. Алардын арасында аты Алайга, даңкы далайга кеткен белгилүү саясатчылар, Голливуд жылдыздары да жок эмес.

43 жаштагы белгилүү модель Наоми Кэмпбеллди журналисттер бет кап менен гана эмес, атайын коргоочу костюм кийип жүргөнүн байкашкан.

Өзүнүн сулуулугу жана дайыма жарашыктуу, стилдүү кийинип жүргөнү менен айырмаланган Словакиянын президенти Зузана Чапутова жаңы өкмөттүн ант берүүсүнө көйнөгүнүн түсүнө окшош бет кап тагынып келген.

Атактуулардан алгачкылардан болуп бет кап жана медициналык кол кап кийүүгө Ким Кардашьян чакырган.

Украина саясатында өз орду бар Юлия Тимошенко дагы Раданын жыйындарына кара бет капчан келип жатканын сүрөттөн байкоого болот.

Белгилүү орусиялык спортчу Евгений Плющенконун жубайы Яна Рудковская өзүнүн гүл сымал бет кабы менен айырмалана алган.

Ал эми жергиликтүүлөргө токтолсок, бүгүн белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнүн майда балыктардын сүрөтү түшүрүлгөн бет кабы менен сотко келгенин байкадык. Айрым маалыматтарга караганда, бул бет капты анын жубайы Айгүл Текебаева өзү тигип берген.

Ал эми белгилүү эстрада жылдызы Кубаныч Ажыбаев социалдык тармактагы баракчасына байпактан жасалган бет кабынын сүрөтүн жүктөгөн. Ырчы эң башкысы байпак бүтүн болуш керек экендигин белгилеген.

Кыргыз саясатынын айрым өкүлдөрү, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус каттала элек учурда эле Бишкектин булганган абасынан коргонушуп, бет капчан түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
23.03.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевдики туурасынан башкача эле корунуп калыптыр
23.03.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya-leyla,Туура эле ошону кийип алгандай го Лейла))
23.03.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мода боло башталы маскаларды да салыштырып
23.03.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уйлонгондор бет каптан кыйналбай калдыкко дейм, 5-6 штуктан эле 12и Жасап алса болчудай
23.03.2020. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч Ажыбаев ким?
23.03.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,ырчы
24.03.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кнопкасын басса эмне болот.
24.03.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aktan2018, кнопка эмес ал, клапан!!!
24.03.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жактан Ким Кардашьян эн туура бет кап тагынган. Беркилер болбогон нерсе. Бирок сактанганды сактайт, достор. Ошондой болсо да тагынып , деги абайлагыла. Баарынарга ден соолук каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: