super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөн шаарында базар жабылып, азык-түлүк жок калды" дейт окурман

 

"Элдик кабар" бөлүмүнө Өзгөн шаарынын тургуну "азык-түлүк саткан базар толугу менен жабылып, биз азык-түлүк ала албай жатабыз" деп кайрылды.

"Өзгөн шаарындагы базарда бардык азык-түлүк саткан контейнерлер жабык. Жаңылыктардан өкмөт азык-түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар жабылбайт деп айтып жаткандыктан, аларга ишенип, алдын ала камданган эмеспиз.

Ошого байланыштуу бүгүн үйүбүздө азык-түлүк түгөнүп, базарга чыккам. Базардагы бардык азык-түлүк саткан контейнерлер жабык экен. Менин жанымда дүкөн бар. Бирок ал жакта бизге керектүү азыктар - гречка, макарон сыяктуулар жок экен. Өзгөндөгү 95 пайыз дүкөндөр шаардагы дүң базарлардан алышчу. Азыр аларда да жетиштүү товар жок.

Ар бир контейнердин жанында укук коргоо кызматкерлери туруп, сатуучуларга соода кылууга уруксат бербей жатышат. Алардан "эл кантип жашайт?" десек, бул суроо боюнча шаардык мэрияга кайрылгыла деп коюшту. Азыр шаарды кыдырып, дүкөндөрдөн азык чогултуп жүрөм",
- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Өзгөн шаарында базарлар жабылды

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.03.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабр кылсак, отуп кетет. Азыр базардын баары эле жабык эмеспи. Эн негизгиси ден соолук
23.03.2020. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ базардын ичи продукта мөмө жемиш нан саткандарга уруксат берген эле,бүгүн баарын жаптырып салышты.Эртен базардын продукта саткан тарабын ачтырып бергиле тиешелүү тиши өткөн жетекчилер.
Медиа-портал
23.03.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачкадан эч кимибиз олбойбуз негизгиси тартипке баш ийели.Курсак маселеси себептер менен албетте чечилет.Бир азга чыдайлы баары жакшы болот.Алдыда жаңы жашоо келе жатат таза аба таза жаратылыш ушул тазалыкты сактап калалы ушул бойдон.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: