"Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат" деген маалымат калп. Ал жерге кулаган бет капчан жигит мас абалында болгон
"Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты.
"Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде тротуарда жаткан эркектин видеосу тараган. Бул учур боюнча Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна 2020-жылдын 23-мартында саат 15:08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.
Дарыгерлер ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган жана үйүнө жеткирилген.
Мындай жалган маалыматтарды таратпоону жана эл арасына дүрбөлөң салбоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Bars88

23.03.2020. 19:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдер колокосунон коркуп аткан ушундай маалда элди чочуткан учун камап салышсын ким чыгарса
TIMON_BERKOWITZ

23.03.2020. 20:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас, ужас деп атпадыбы беле тарткан адам. Өзү ужас болгону менен иши жок))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.