Коронавирус аныкталган 2 жаран кичи ажылык зыяратынан келишкен. Алар Ноокат районунун тургундары
Кыргыз өлкөсүндө бүгүн, 23-мартта саат 18:00гө алынган маалыматка ылайык, дагы эки жарандан коронавирус аныкталды. Алар Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. Жабырлануучулар 1960-жылы туулган аял жана эркек. Алар кичи ажылык зыяратынан 13-мартта келишкен. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Учурда Кыргыз өлкөсүндө 16 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Мындан тышкары Пакистанда дагы бир Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-4

Муфтияттан айтыштыго-Умрага баруучуларды муфтият жонотпойт экен,муфтияттын уруксаты да керек болбойт экен турфирмалар аркылуу гана барышат экен