super.kg logo

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн эсепке бир күндүк маянасын которушту

 

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке акча каражаттары которулууда. Бул ирет атайын эсепке Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери бир күндүк маянасын которушту.

Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов бүгүн, 23-мартта бөлүм башчылар менен жыйын өткөрдү. Ал медицина кызматкерлеринин ишин жогору баалап, вирусту жеңүү үчүн биригүү керектигин айтты.

"Өлкө башчысы жана өкмөт коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн бардык тиешелүү иштерди аткарып жатат. Мен баарына ден соолук каалап, өзүңөрдү жана жакын адамдарыңарды коргогула демекчимин. Ошондой эле сабырдуулукту сактоого чакырам", - дейт Аманкулов.

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги штаттык режимде иштеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: