super.kg logo

24-марттан баштап башка аймактын тургундарына Жалал-Абадга кирип, чыгуусу үчүн каттамдар токтотулат

 

24-марттан баштап Жалал-Абадга элдин кирип, чыгуусу үчүн каттамдар токтотулат. Мындай чектөө облустук штабдын жыйынында талкууланганын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйында Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаардагы кыймылдын көбөйүп кеткендигине байланыштуу элдин кирип, чыгуусуна 24-мартка караган түнү саат 00:00дөн баштап каттамды токтотууну шаардык штаб кабыл алды. Облустук штаб чектөөнүн коюлушу жарандардын ден соолугуна байланыштуу экенин эске алып, демилге колдоо тапты.

"Жалал-Абад шаарынын мэринин маалыматында, базарда азык-түлүк жетиштүү. Учурда ун 1450 сомдон сатылууда, бүгүн дагы 25 тонна ун келди. Ал эми саламаттыкты сактоо кызматкерлерин ташуу үчүн атайын автобус уюштурулат", - деп кошумчалады мекеменин басма сөз кызматынан.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаары боюнча 21 объект дезинфекциядан өткөрүлдү.
Облус башчысы Нурболот Мирзахмедов дезинфекция болгон аймактарды текшерүү үчүн комиссия түзүүнү тапшырды. Аталган комиссия дезинфекциялоо иштеринин талапка ылайык аткарылышын көзөмөлгө алат. Ошондой эле ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте дезинфекциялоо жумуштарын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: