super.kg logo

24-марттан кийин чартердик каттамдар токтотулат

 

24-марттан кийин чартердик каттамдар токтотулат. Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарын коргоо максатында республикалык штаб чартердик каттамдарды 24-мартка чейин жүргүзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.

24-мартка чейин жүргүзүлүүчү чартердик каттамдар:

"Аэрофлот" авиакомпаниясы тарабынан күн сайын Москва-Бишкек-Москва жана Москва-Ош-Москва каттамдары учат. Айрым каттамдардын учуу убактысы өзгөртүлдү:

  • 23-мартка белгиленген AFL 1882 - Москва-Бишкек каттамынын убактысы саат 04:50дөн 19:00гө (Бишкек убактысы менен) жылдырылды.
  • 23-мартка белгиленген AFL 1883 - Бишкек-Москва каттамынын убактысы саат 06:05тен 20:15ке (Бишкек убактысы) жылдырылды.
  • 23-март күнү саат 04:35ке белгиленген SU 1894 - Москва-Ош каттамы кечки саат 19:00гө (Бишкек убактысы) жылдырылды.
  • 23-марттагы SU 1895 - Ош-Москва каттамынын учуу убактысы саат 05:45тен 20:10 (Бишкек убактысы) деп өзгөрдү.

Суроо-талаптар боюнча 24-мартка чейин төмөнкү каттамдар жүргүзүлөт:

  • "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы тарабынан Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург каттамы;
  • "Авиа Траффик" компаниясы Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Сургут-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек каттамдары;
  • "S7" авиакомпаниясы Новосибирск-Бишкек-Новосибирск каттамын жүргүзөт.

Белгилей кетсек, жарандардын коопсуздугу үчүн 22-марттан баштап жүргүнчүлөрдү "Манас" жана "Ош" аэропортторунан узатып же тосуп алууга баргандарга убактылуу тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: