super.kg logo

Бишкек шаары боюнча 12 санитардык пост коюлду

 
Бишкек шаарына 12 блокпост коюлуп, анда күнү-түнү медицина кызматкерлери, куткаруучулар жана укук коргоочулар нөөмөттө турушат. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мындан ары санитардык посттор аркылуу борбор калаанын аймагына кирүүдө же шаардын аймагынан чыгууда жарандын ден соолугу, келүү же кетүү максаты текшерилет.
Санитардык посттор:
Фучик көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде;
Жаш Гвардия бульвары менен Саадаев көчөсүнүн кесилишинде;
Тоголок Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Курманжан Датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде;
Жибек Жолу кең көчөсү менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде;
Салиева менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Ауэзов менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде;
7-апрель көчөсүндө (панорамага бурулган жерде);
Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилишинде;
Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Муромск менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Кожобергенов жана Семетей көчөлөрүнүн кесилишинде.
Ал эми азык-түлүк, тамак-аш продуктуларын ташуучуларга өткөрмө жай каралат.
Эгерде сизде шаардагы эпидемиологиялык абал боюнча суроолор жаралса 0312 62-58-13, 0555839379 номерлерине байланышып же шаардык штабдын WhatsApp номерине 0705 025 010 билдирүү жөнөтүңүз. Ошондой эле ыкчам байланыш аркылуу маалымат алуу номери: 0555 920241.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: