super.kg logo

"Ухан вирусу": Италияда бир күн ичинде 601 адам каза болуп, 4 миң 789 адам коронавирус жуктурган

 

24-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 378 миң 601ге жетти. Илдеттен 100 миң 982 адам айыгып ооруканадан чыкса,16 миң 505 адам каза болду.

Италияда 63 миң 927 адам вирус жуктурган болсо, 6 миң 77 адам каза болуп, 7 миң 432 адам сакайып чыкты.

Ал эми Кытайда 81 миң 498 адам вирусту жуктурса, 72 миң 819 адам жакшы болуп калган. Каза болгондордун саны 3 миң 274кө жетти.

Каза болгондордун саны боюнча Иран үчүнчүдө. Аталган мамлекетте жуктуруп алгандардын саны 23 миң 49, айыккандар - 8 миң 376. Каза болгондор - 1 миң 812 адам.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: