Кытайдын бийлиги "Коронавирус менен жабыркагандардын 90 пайызын сакайттык" деп ишендирүүдө
Кытайда коронавирус менен жабыркагандардын 90 пайызы сакайды. Мындай маалыматты Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Анда дүйнөгө кулачын кенен жайып жаткан вирус Кытайда күн санап азаюуда. Учурда ооруканаларда 4 миң 735 адам калган. Бул Кытайда вирус жуктуруп алгандардын 90 пайызы сакайды дегенге барабар.
Бүгүнкү күнгө Кытайда 81 миң 498 адам вирусту жуктурса, 72 миң 819 адам сакайган. Ал эми каза болгондордун саны 3 миң 274кө жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(4)
ZUXRIDDIN20

24.03.2020. 09:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кантип сакайтырды? Баары дармек жана ваксиналар менен сакайтырганбы ошондо? Ошончолук сакайышып карантиндерди ачып салганын жар салып жаткан болсо башка мамлекеттерге да берсин ошол сакайтырган ваксина докторлоруну. Эч кандай ваксина иштеп чыгылган жок аз дегенде бир жылда давасы табылат деп жатышат эле го. Муну кандай түшүнсө болот. Жөн эле карантин кылып адамдарды көчөгө чыгарбай коюп вирустун жеңип болбойтко. Демек Кытайда биринчи вирустун ваксинасы иштеп анан вирусту жайылткан.
tina-Tin

24.03.2020. 09:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ZUXRIDDIN20,булардын бир билгени бар. Кытай дуйнону согушсуз басып алабыз деген пландарынын бири окшойт.
kriss120

24.03.2020. 10:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оа бул кытайдын бир саясаты.
miss2014

25.03.2020. 11:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенбейм мисалы, булар олтуруп эле жок кылды болуш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.