super.kg logo

Милициянын кайгуул кызматы жарандардын коопсуздугун, ден соолугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 

Милициянын кайгуул кызматы жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун сактоо максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, туристтик милиция "Манас" эл аралык аэропортунда күнү-түнү кезекте туруп, коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо менен бирдикте чет өлкөдөн келген жарандарды жана туристтерди эң биринчи тосуп алып, ден соолугун текшерген дарыгерлерге өткөрүп берүүдө.

Ошол менен бирге чет өлкөлүк жарандарга тил которуу, Бишкек шаарынын картасы менен тааныштыруу, мейманканага жетүү үчүн такси кызматын пайдалануу өңдүү багыттамаларды көрсөтүүдө.

Мындан сырткары азыркы учурда болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Жарандар менен болгон мамиледе коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти жана жол коопсуздук эрежелерин сактоо менен бирдикте, жарандарга коронавирустун алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, бардык жарандарды жана айдоочуларды коюлган талаптарды так сактап, зарылдык жок болсо үйдөн чыкпоого, эл чогулган жерлерге көп барбоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: