super.kg logo

Испанияда 4 миңге чукул медицина кызматкерлери коронавирустан жабыр тартууда

 

Испанияда 4 миңге чукул медицина кызматкерлери коронавирустан жабыр тартууда. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары Испаниянын расмий маалыматтарына таянып жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, учурда Испанияда 4 миңге чукул медицина кызматкерлери вирусту жуктуруп алышкан. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды координациялоо борборунун директору Фернандо Симон маалымдаган.

"Кырдаалды көзөмөлдөөгө аракет кылганыбызга карабай, өлкөдө 3 910 медицина кызматкери жугуштуу вирусту жуктуруп алышкан" деген ал онлайн маалымат жыйынында.

Өткөн аптада вирустун айынан 52 жаштагы медицина кызматкери каза болгон.

Испания вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Европа өлкөлөрүндө экинчи орунда турат. Анда 35 миң 136 адам вирусту жуктуруп алса, каза болгондор - 2 миң 311, сакайгандар - 3 миң 355.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: