Өзгөчө абал кирген облус, шаарларга коменданттар дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Бишкек шаарынын аймагында 25-март күнү саат 08:00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрель саат 08:00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов Ош облусунун, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.
Ал эми ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.