Шашылыш билдирүү! 24-марттан 27-мартка чейин өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт
24-марттан 27-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
25-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° градуска чейин төмөндөп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° градуска чейин түшүп үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда (Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунда (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунда, Казарман - Актал-Чат унаа жолунда (Кара-Көө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунда (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


