Өкмөт бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин үйдөн иштөөгө таратты
Өлкөдөгү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери үйлөрүнөн иштөөгө өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта коронавирустун өлкөгө жайылуусунун алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө таянып маалымдалды.
Маалыматка ылайык, мындай тартип өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендиги менен байланыштуу.
“Өлкө аймагында өзгөчө абал режими кирди. Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында, кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин”, - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.