super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи: "Карантиндик режимде 61 өспүрүмдүн көчөдө жүргөнү аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү"

 

Ысык-Көл облусунун милициясы жергиликтүү тургундарды карантиндик режимди сактоого чакырат.

Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап облустагы ички иштер башкармалыгынын жана анын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Анда бардык карантиндик зоналар, элдин жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объекттер, дарылоо-санитардык мекемелер жана стратегиялык объекттер күчөтүлгөн кайтарууга алынды.

"Тилекке каршы, айрым жарандарыбыз илдеттин коркунучун толук көӊүлүнө албай жатышат. 21-марттан 23-март аралыгында 61 өспүрүм карантиндик режим учурунда өз алдынча көчөлөрдө жүрүшкөндүгү аныкталган. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди", - деп билдирди басма сөз кызматкери.

Ысык-Көл ОИИБи жарандарга кайрылат:

Балдардын карантиндик режимин сактоого өзгөчө көӊүл буруп, алардын үйдөн чыкпоосуна аракет көрүлсүн;

Өздүк гигиенаны жана санитардык нормаларды сактоодо врач-эпидемиологдордун берген кеӊештерине жооптуу болуп, аны жоопкерчиликтүү түрдө аткаруу;

Өтө зарылчылык болбосо үйдөн чыкпагыла жана бир калктуу аймактан башка калктуу аймактарга автоунаа каражаттары менен баруу каттамдарын кыскартуу керек;

Социалдык түйүндөрдөн, WhatsApp аркылуу тарап жаткан такталбаган маалыматтарга көӊүл бурбагыла жана ишенбегиле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.03.2020. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маскалары кана сотрудниктин?
24.03.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунордон да кичине аракет болуш керек да,мектепти жапты уйдо отургула вирустан абайлагыла деп.Эртен балдарынар ооруса сразу куноолууну таба каласынар анан.Ата-энелер кичине серьезный карап , ответственный болбойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: