super.kg logo

4000 даана бет капты Казакстанга алып чыгууга аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

 

Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Казакстанга медициналык каражаттарды мыйзамсыз түрдө алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынан билдиришти.

"22-март күнү "Ак-Тилек" унаа жолунан Казакстанга чек ара аркылуу мыйзамсыз түрдө медициналык каражаттарды алып чыгууга аракет кылган Кыргыз жараны кармалган. Ал 1995-жылы туулган Т. уулу Д. экендиги аныкталган. Аталган жаранды текшерүү учурунда ал жубайы Казакстандын жараны болгондуктан, анын жанына бара жаткандыгын билдирген. Өзүн шектүү алып жүргөн жаранды текшерүүгө алганда сумкасынан скотч менен оролгон таңгактан тастыктоочу документтери жок 4000 даана медициналык бет капты табышкан. Шектүүгө карата тиешелүү документтер толтурулган соң Т. уулу Д. жана далил катары алынган товар Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 3-марттан тартып өлкө аймагынан 6 айга чейин медициналык каражаттарды алып чыгууга тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
24.03.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Олуп эле калбайсынарбы пайда кором дегендер.
24.03.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
5,6 жылга камаш керек ушуга окшогондорду озубузго деле сатса болот да ошо акчага
24.03.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Душмандар ушулар да номер 1 акчанын кулдары!
24.03.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз элинин чыкынчысы жузун курусун.
Элине таратпайсынбы....
24.03.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озубузго жетпей жатса...
24.03.2020. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге деле сатса алат элек го.муну кордоп коет элем.
24.03.2020. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Саткын, кайын журтуңа күйүп жаткан экенсиң да.
24.03.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кылганы мамлекетке чыккынчылык кылган менен барабар.Өлкөдө бет кап тартыштык болуп жатканда бул акмактын мындай иш кылганы өтө чатак.Көтунө оозуна тыгыш керек масканы батышынча.Катуу жоопко тарткыла эми бул акмакты.
24.03.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигип сатсамбы деп ойлонуп жатам.бирок кайсыл жакка откорсо болот
24.03.2020. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул деген буткул Кыргыз элине чыккынчылык кылган болуп саналат. Олкого ташыгандын ордуна кайра уурдайтго акмак эл эмне болуп атат ызычуу болуп мынаке акчанын кулу деген
24.03.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыккынчы деп ушуну айт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: