super.kg logo

"Жөн эле сейилдегенди токтоткула!". Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы элди айылчылаганды токтотууга чакырды

 

Бүгүн, 24-мартта Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев менен ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев өлкөдө өзгөчө режим киргизилген аймактардагы тартиптер тууралуу маалымат беришти. Онлайн форматта өткөн жыйында өкмөт өкүлдөрү тургундарды бул режимдин бардык эрежелерин сактоого чакырышты.

"Айыл өкмөт, район башчысы, облус башчысы, айтор, өкмөт өкүлдөрүнүн бардык бутактары элге так, туура маалыматтарды жеткирип турушу керек. Өзгөчө режим кирген аймактарга башка жактан келгендер болсо, шашылыш чыгып кетпесе бул режим алынганга чейин чыга албай калат. Биз эми бири-бирибиздин ал-акыбалыбызды сураганды, айылчылаганды, жөн эле сейилдеп жүргөндү токтотушубуз керек.

Жүк ташыган, материалдык-техникалык каражаттарды, азык-түлүктөрдү ташыган унааларга тыюу жок, алар жана аларды жөнөтүп жаткан кампалардагы ишкерлер коменданттык саат аяктаганга чейин кадимкидей иштей берет.

Бардык маалыматтарды коменданттар бекилген тартипте коомчулукка жеткирип турат. Кайсы бир өзгөрүүлөр, тартиптер кошулса маалыматтар таратылат", - деди Дүйшөмбиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.03.2020. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рейд жүргүзүү оң болот окшойт.Айылдарда топтолуп алып карта ойношуп,4-5тенн биригип бүтпөгөн жумуштарын кылып эле чогулуп жатышат.Жоопкерчиликти кичине балдар эмес,чоң адамдар да түшүнүшпөйт.
24.03.2020. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вирус деп дуйно жузу эмне болуп жатат канчалаган балдар атасыз энесиз калып жатат вирустун айынан.Сактанганды сактайм деген Аллах.Айылды токтотуп уйдо отуруп туралы туугандар.Биз мына вирусту тоготпой журуп бугун 40 ашып кетти ооругандар.Шыпаасын берсин ооругандарды Аллах сабыр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: