super.kg logo

Италия коронавирустан каза болгондордун санынын көптүгү боюнча биринчи орунда. Аталган өлкөнүн катачылыгы эмнеде жана башкалар үчүн сабак

 

"Нью-Йорк Таймс" гезити "Коронавирус эпидемиясы учурунда Италиядан башка өлкөлөр үчүн сабак" аталышындагы макаланы чыгарышкан. Макалада саясатчылардын кетирген катачылыктары алып келген трагедиялар жөнүндө айтылат.

"Өлкөнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, коронавирус катталган убакта вирус табылган адамдарды изоляцияга алуу менен катуу көзөмөлдү күчөтүү, коюлган эрежелерди аткаруу зарыл" деп макала башталат.

27-февралда Италиянын Демократиялык башкаруучу партиясынын лидери Никола Зингаретти балкондо бокалды кагыштырып жаткан сүрөтүн жарыялаган. Ал "биздин көндүмдөрдү алмаштырбагыла" деген чакырык таштаган. Мындан 10 күн өтпөй ал коронавирус жуктуруп алгандыгын видео аркылуу кабарлаган.

Азыркы тапта вирус эпидемиясынан Италияда 63 миң 927 адам жуктурган болсо, 6 миң 77 адам каза болуп, 7 миң 432 адам сакайып чыкты. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин башкы кеңешчи Валтер Риккардинин пикири боюнча, Италия өкмөтү бул кырдаалга ыкчам аракет кыла албаганын билдирген. Башкача айтканда, катуу тартип жана көзөмөл 10 күн мурун эле киргизилиш керек экендигин айткан.

Миландагы вино бары февраль айынын аягындагы көрүнүшү.

Бул убакта саясатчылар баарынан мурун экономиканы жана элдин курсагын кантип тойгузууну ойлоп жатышты. Ал эми COVID-19 эпидемиясы Кытайда болуп жаткан убакта "бизге тиешеси жок илимий фантастика көрүп жаткандай мамиле кылышты. Качан гана вирус бизге келгенде, Европа биз сыяктуу эле ага чейин Кытайды карагандай бизди карап олтурушту" деген саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сандра Зампа.

Италияда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган биринчи адам

Италияда алгачкы жолу 18-февралда вирус жуктуруп алган бейтап катталган. Ал көп жерлерде болгон жана көп адамдарга жуктурган. Алсак, 3 жолу тамактануучу жайда болгон, футбол ойногон, команда менен чуркаган, эки ирет ооруканага барган. Баш-аягы дарыгерди, медайымды кошкондо 100дөй адамдар оору жуктурган. А бирок анын Кытай менен түз байланышы болгон эмес. Эксперттер аны башка европалыктан жуктуруп алган деп эсептешүүдө. "Номер биринчи бейтап" деп билген адамыбыз чындыгында "номер 200" деле болуп калышы ыктымал" дейт эпидемиолог Фабрицио Перглиаско.

Элди адаштырган билдирүүлөр

Февралдын аягында өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте Ломбардияда коронавирус жуктуруп алгандардын көрсөткүчүн карап чыгып, Годогно ооруканасын вирустун жайылышына күнөөлөгөн. Ал эми 25-февралда Конте "Италия башка көптөгөн өлкөлөргө караганда алда канча коопсуз өлкө" деп айткан. Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Марио "эпидемиянын коркунучунан да маалыматтын эпидемиясына өттүк" деп Италиянын болгону 0,089 пайыз жашоочулары карантинде экендигин билдирген. Ал эми Милан шаарынын мэри Беппе Сала "Милан токтоп калбайт" деген чакырык менен кайрадан Милан соборунун эшигин шаар тургундары үчүн ачкан. Ушул эле учурда Ломбардиянын интенсивдүү терапия бөлүмүнүн координатору Гьяскомо Грасселли вирустун тездик менен тарап жатышынан улам өлкөнүн түндүк аймактарындагы саламаттыкты сактоо системи кыйроо ыктымалдыгын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө билдирген. Анткен менен саясатчылар бул маселеге көңүл деле бурушкан эмес.

Кеч көрүлгөн чаранын кейиштүү натыйжасы

8-мартта Италиянын премьер-минстри күтүүсүздөн өлкөнүн түндүк аймагындагы тургундардын аймактан кирип, чыгуусуна чектөө киргизген. Премьер-министрдин сөзү жарыяланганга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына маалым болуп калып, жашоочулар вирустун очогу болуп жаткан өлкөнүн түндүк аймагынан түштүк аймакка чыгып кетүүгө шашылышкан. Бул абал вирустун ого бетер көп жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

Италиялыктардын көбү өлкө аймагына киргизилген чектөөлөрдүн канчалык олуттуу экендигин түшүнгөн эмес. Айрым аймактар вирустун очогунда болуп келген жарандарды 2 аптага үй карантининде болууну талап кылышса, кээ бирлери мындай талап коюшкан дагы эмес.

Ал эми 9-мартта премьер-министр өлкөнүн бардык аймагына чектөө киргизген. Эксперттер премьер-министрдин бул аракетин эң кеч кабыл алынган чара деп баалашкан.

Окумуштуулар жана саясатчылардын айтымында, Италиядагы учурдагы абал өкмөттүн 2 аптага кеч чара көргөндүгү жана калктын тартипти сактабагандыгынан вирустан рекорддук көрсөткүчтө жабыр тартып жатат.

Акыркы 4 күн ичинде (ред. макала 21-мартта жарыяланган) каза болгон 2 300 адам марттын башында вирус жуктуруп алгандар болгон. Вирусолог Роберто Буриони вирус жуктуруп алгандар коопсуздук эрежесин сактабай, башка адамдар менен байланышта болгондуктан, башка адамдарга да вирус тездик менен таркап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(13)
24.03.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Урматуу Кыргызстаным этият болойлук сураныч,кайдыгер мамиле кылбайлык. Аллахым сактасын
24.03.2020. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыкендердин деле кобу ушулардай кайдыгер болуп журот кочодо.
24.03.2020. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Биз да булардай болбой тартипти, гигиенаны сактайлы.
24.03.2020. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
15-апрелге чейин тынч уйдо олтурсак, анан ооругандар айыгып чыкса, жениш биздики. Кудай буюрса баардык кыйынчылык артта калат
24.03.2020. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Демек жуктурган адам юир айда эле өмүрү менен кош айтышат экен да.... кудай сактасын, оорулуулар айыгып, башкасына жукпаса экен.
24.03.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошон учун Италиянын кейпин кийбеш учун Туштук тарапты такыр убактылуу жабып туруш керек. Катуу козомолго алып,озунор коргондой туштукто коп болуп атат вирус жуктургандар. (Анан чырдабагыла тундук-туштук болуп болунбо деп, статистика боюнча бул факт).
vikidiki түзөттү 2020-03-24 20:59:08
24.03.2020. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тартипти сактайлы ,кыргыз элим. Бири бирибизди угуп,сыйлап буйруса женебиз бул ооруну.
24.03.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул да болсо сыноо,сабыр туугандар болор иш болду,копко келген балее Алла эмнени кааласа ошол болот,оорулулар айыгып кетсин башкалар оорубасын ааминн
25.03.2020. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аттың өчкүр ушул оорудан жакшы кутулган күндү Аллах Таалам тезинен насип кылса экен ылайым .Эч бир өлүм житим болбосун иншАллах !!!
25.03.2020. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бооуп аткан ооруу, бул адам баласы үчүн сыноо. Ушул сыноодон эртерээк сабырдуулук, тартиптүүлүк менен чыгып кетели
25.03.2020. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болуп
25.03.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pusur, коомдук адеп туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. БАН!
25.03.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAPTA, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: