super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Медицина кызматкерлери биздин негизги ресурсубуз"

 

Бүгүн, 24-мартта саат 18:00гө карата Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн катышуусунда пандемияга айланган коронавирус боюнча онлайн пресс-конференциясы өтүүдө. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү абал боюнча маалымат берүүдө. Анын айтымында, интернетте пайда болгон Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан медиктерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууну талап кылышууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин биримдигин бузууга багытталган маалыматтарды тараткандар аныкталып, кийинки чараларды көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет.

“Биздин медиктер – биздин жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүдө өлкөнүн башкы ресурсу, биз аларды урматтайбыз, баалайбыз жана бардык керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз. Медицина кызматкерлери үчүн тамак-аш, коргонуучу каражаттар берилип жатат. Дарыгерлерге ар ким өзүңөрдү камсыздагыла деген маалымат туура эмес . Алар учурда катуу тартипте иштеп жатышат", - деп билдирди ал жыйын учурунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: