Бишкекте кечки саат 20:00дөн кийин бардык транспорт токтойт
Бүгүн, 24-март күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ИИМ башчысынын орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин катышуусунда өлкө аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими жана киргизиле турган өзгөчө абал режими тууралуу онлайн брифинг өтүүдө.
"Эртеңден баштап саат 20:00дөн тарта такси кызматы, коомдук транспорт токтотулат. Тыюу салынган учурда көчөдө жүрүп, аты-жөнү аныкталбагандар, жанында документтери жоктор убактылуу кармоочу жайга алынат", - деген маалымат берди Орозалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.