Мамлекеттик кызматкерлер үйдөн иштешет
Мамлекеттик кызматкерлер үйдөн иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйында биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов билдирди. Анда өлкө аймагына киргизиле турган өзгөчө абал режимине байланыштуу кагаз менен иштеген адамдар үйдөн иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.
"Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерди дагы максималдуу кыскартып жатабыз. Алар үйдө иштөөсүнө бүгүн штабдан чечим кылып, аны мамлекеттик органдардын башчыларына сунуштадык. Өлкөнүн кайсы аймагында болбосун кызмат керек болсо, ал жердеги кызматкерлерди үйдөн иштей турган шарттарды түзүп жатабыз", - деди Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.