super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Өзгөчө абал маалында жарандын маршруттук баракчасы болушу шарт"

 

Бүгүн, 24-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берди. Жыйында Бишкек шаары жана бир катар аймактарга киргизилген өзгөчө абалдын тартиптери тууралуу айтылып жатат.

Ага ылайык, эртең мененки саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:

1) Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;

2) Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;

3) Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.

"Эгерде кайсы бир жаран дарыканага барыш керек болуп калса, ал биз атайын иштеп чыгып жаткан анкетаны маршруттук кагаз катары толтуруп алышы керек. Маршруттук кагазда жарандын аты-жөнү, жашаган жеринин дареги жана дарыкананын болжолдуу дареги жазылат.

Жаранды патрулдук кызматкер текшерип калса, ушул көрсөтүлгөн багыттан башка жакка кетпейт деген тастыктоо керек. Бул эрежелер ыңгайсыздык жаратарын түшүнүп турабыз, бирок эпидемия жайылып кетпеши үчүн колдонулуп жаткан чараларды биздин жарандар туура түшүнөт деп ойлойм. Өзгөчө абал маалында өзүн алып жүрүү эрежелерин бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Дагы эскерте кетүүчү нерсе, ар бир жаран жанына ким экендигин тастыктаган документ жана маршруттук баракчасын алып жүрүүсү шарт
", - дейт биринчи вице-премьер Боронов.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталган. Кыргыз өлкөсүндө жалпы 42 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.03.2020. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдан алабыз маршруттук баракчаны?
25.03.2020. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оздору таркатат
25.03.2020. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Границаны жапканда ушул нерсе болбойт эле, дуйнодо дурболонго тушуп атканда, кантип умрага коркпой барышты? Кайран каласын. А алып баргандар жонундо эмне айтышпайт? Потому что бизнес бизнес, акча акча керек да а?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: