Финансы министрлигинин эсебине 11 миллион 300 миң сом акча түшкөн
Финансы министрлигинин административдик эсебине 24-мартка карата 11 миллион 300 миӊ сом акча түшкөн. Бул тууралуу онлайн жыйын учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди. Айтымында, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп жана ага түшкөн акчалар тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Мындан улам алар эсептин суммасын жана анын коротула электигин айтууну туура көргөн.
"Азырынча жогорудагы сумманын бир сому дагы коротула элек. Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, комиссия түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет", - деп билдирди Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

https://www.super.kg/kabar/news/300007/
Сыртка чыгып келгендерда бүт баары байлар.
Бул аты жаман вирустан только карапайым эл гана жабыр тартып жатат.
Качан уялышаар экен.Ушунча акча түшүп жатат, макул элге тамак-аш жеткирбесин. Жок дегенде маска, антисептик каражаттарын аптекаларага камсыздап коюшса, турмуштан кыйналып жашаган элге каралашып коюшса жакшы болмок