super.kg logo

АКШнын тургуну коронавирустун тестин күтүп жатып көз жумду

 

АКШнын Луизиана штатынын 39 жаштагы тургуну коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүп жатып көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

10-март күнү Наташа Отт сасык тумоонун белгилери менен ооруканага кайрылган. Ал ВИЧ-инфекциясы менен ооругандарга социалдык жардам көрсөткөн борбордо иштегендиктен, коронавирус оорусун жуктуруп алуу коркунучу жогору болчу. Бирок дарыгерлер анда коронавирустун белгилери жок деп тест албай коюшкан. Ал эми өзү иштеген социалдык борбордо кесиптештери тесттен өтүүнү сунуштаган. Бирок 5 гана тест болгондуктан, башкаларга көбүрөөк керек деп баш тартып койгон. Бир апта бою Наташанын абалы оорлошуп, 16-мартта экинчи ирет медициналык жардам сурап кайрылган. Дарыгерлер андан тест алышканы менен жыйынтыгы 5 күндө даяр болот деп айтышкан. Тесттин жыйынтыгы чыкканча үйдөн чыкпай изоляцияда отурган Наташа 20-марттан тартып байланышка чыкпай калган. Анын таанышы кабар алуу үчүн үйүнө барганда, ашканадан жансыз денесин тапкан. «Бул аябай коркунучтуу жоготуу. Пандемия тууралуу тамашалар өттү, кеч болуп калганча жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр», - деп жазган Наташанын таанышы Андерсон социалдык тармактагы баракчасына.

Учурда Луизиана штатынын полиция кызматы маркумдун өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо үчүн иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилер да прикол кылып алыштыго Анжелика баш болуп.
25.03.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мына билгиле, Кыргызстан каяктагы American dream деп озун реклама кылган США га караганда кандай олко, оз граждандарына куйот, ошон учун ар бир адам окмотко ишенип, айтканын аткарып, профилактиканы туура аткарып уйдо отургула. уйдон чыкпай отурганынар окмотко жардам кылганынар. бул вирус байсын кедейсин, жакшы, жамансын дебейт. великий уравнитель.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: