Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев саламаттыкты сактоо министрине сөгүш жарыялап, айыл чарба министрине эскертүү берди
Бүгүн өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 22-ноябрда өтө турган бул жыйын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жоопкерсиздигинин айынан ушул убакытка чейин жылдырылганын айтты. Ошондуктан саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага сөгүш жарыялап, айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге эскертүү берди. “Мамлекеттик жооптуу кызматта иштеген кызматкерлердин тартиби жогорку деңгээлде болушу кажет” деген өкмөт башчы өкмөттүн жыйынында карала турган маселелер боюнча материалдардын баары өз убагында өткөрүлүшү керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

