super.kg logo
  Спорт  

Коронавирус жуктуруп алган Паоло Мальдини: "Жагымсыз тумоо. Мен даамды жана жытты сезбей калдым"

 

Италиянын "Милан" футболдук клубунун техникалык директору Паоло Мальдини коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Бул оору жөнүндө жана азыркы абалы тууралуу билдирүү жасаганын чет элдик маалымат булактары жазышты.

"Менде азыр баары жакшы. Жаман убакыттын баары артта калды. Азыр бир аз жөтөлүп жатам, даамды жана жытты сезбей калдым. Коронавирус оорусу жагымсыз тумоого окшош экен. Мен азыр өзүмдүн тулку боюмду билем. Спортчулар өздөрүн билиши керек. Жаңы вирус өзгөчө күчтүү экен деп калдым. Бул оорунун алгачкы белгилерин 5-марттан баштап сезип баштагам. Анда менин муундарым жана булчуңдарым ооруган. Дене табым дагы көтөрүлгөн", - деп билдирген Мальдини.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы Паоло Мальдини дүйнөлүк деңгээлдеги футболчу. Ал өзүнүн футболдук карьерасында "Милан" клубунда гана ойногон. 1994-жылы "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" наамына татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: