super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо убактылуу токтотулду

 

Өлкөдө коронавирус жайылып жатканынан улам Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо токтотулду. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтына маалымат жарыяланды.

"Жалпы республикалык тестирлөөгө жоопкер болгон адамдар, абитуриенттер, Кыргыз өлкөсүнө жарыяланган өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине байланыштуу каттоо убактылуу белгисиз мөөнөткө жылдырылат. Каттоону улантуу тууралуу кошумча маалымдалат", - деп жазылат сайтта.

Белгилей кетсек, 21-март күнү онлайн жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров өлкөдөгө кырдаалга карабай, окуу процесси токтотулбай турганын жана ЖРТ өз убагында өтүүсү үчүн альтернативдик ыкмалар каралып жатканын билдирген. Учурда тестирлөөгө даярдык көрүү үчүн пособиелерди абитуриенттер Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ЦООМО) сайтынан таба алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: