super.kg logo

Суу эсептегичтердин көрсөтмөлөрү онлайн режимде кабыл алынат

 
Эсептегичтердин көрсөтмөлөрү онлайн режимде кабыл алынат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу сууну эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү онлайн же телефон аркылуу кабыл алынары эскертилет.

Көрсөтмөнү www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg) сайты, SMS же WhatsApp номуру: 0554 69 99 51 аркылуу, ошондой эле почта (автоответчик): 976944 жана телефон: 565671 аркылуу билдирсе болот.

Эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн берүү мүмкүн эмес болгон учурда эсеп-билдирүү орточо айлык керектөө боюнча жазылат. Эсеп көрсөткүч кийинки айда өткөрүлүп жатканда жөнгө салынат.

Төлөмдөрдү кабыл алуу "РСК-Банк", "Оптима-Банк", "Дос - Кредобанк" банктары, «ПЭЙ-24», «BM-Technologies» -Умай, «Квикпей», «ОСМП», «Теремпей», «Кыртелсат», Элсом, О! Деньги, Balance.kg терминалдар, электрондук капчыктар жана Бишкек почтамт бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.

Мэрия сууну эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү алыскы режимде гана кабыл алынарын эскертти.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: