super.kg logo

"Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү жана эсептөө кантип ишке ашырылат?" "Улуттук энергетикалык холдинг " ишканасынын жообу

 

Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, ал эми Бишкек шаары жана бир катар аймактарда өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жарандарда "Коммуналдык төлөмдөр кандай жүргүзүлөт жана кантип эсептелет?" деген суроо пайда болду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингдин" коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев төмөндөгүдөй маалымат берди:

"Мындай кырдаалда абоненттер, албетте, эсеп көрсөткүчтөрүн онлайн жөнөтүшөт. Бул үчүн кайсы аймактын абоненти болгонуна жараша ал ишкананын расмий сайтына кирип, бардык байланыш телефондорун жана WhatsApp номурларын билип алса болот. Мындан тышкары Бишкек шаарындагылар жана акылдуу эсептегич коюлган аймактардагы абоненттер үчүн тиркеме иштелип чыгып жатат. Ал тиркемени жүктөгөн жаран электр энергиясына тиешелүү бардык операцияларды жүргүзө алат. Эсеп көрсөткүчтөрүн жөнөтө алат, кайра электр энергиясы үчүн канча акча чыкканын көрүп, төлөм жүргүзөт. Абоненттин андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, расмий сайттардан өзүнө тиешелүү төлөмдөрдү, квитанцияларды көрө алат. Эсептегичтердин көрсөтмөсү ар бир айдын 28инен баштап кабыл алынат", - деп жооп берди Султамбаев.

Эгерде сиздин электр эсептегичтин көрсөтмөсү алынбай калса, эсеп-дүмүрчөк өткөн айдын орточо эсеби менен чыгарылат. Кийинки айда так көрсөтмө алынгандан кийин эсеп-билдирме түздөлөт.

"Улуттук энергетикалык холдинг" кабыл алынган чараларды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү аралыктан электрондук капчыктар же төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө чакырат.

"Түндүк электр" ишканасы - күнү-түнү иштөөчү колл-борборунун номуру 1209, мындан тышкары 0772/0702/0556 – 001209 номерлеринен тактап сурап алса болот.

"Ош электр" ишканасы - call center 151, WhatsApp 0777 90 90 76 03222 8 25 15

"Жалалабат электр" - Ишеним телефону 149, Диспетчердик жана технологиялык башкаруу кызматы 0(3722) 5-60-12






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
25.03.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир ай албай турсанар болбойбу кийинки ай менен кошо толоп беребизго акча деп олуп эле калгансынарда
25.03.2020. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кое тургулачы эми?Биз иштеп жатабыз деп контролер келип акча алып кетти толотуп.Дагы уйдон чыкпа дейсинер.Айылда кантип салабыз ыя?
25.03.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага февральга 462 сом келген. Мартка 963 сом келиптир. Чалсам эч кимиси албайт . Мартта кун жылуу болуп аз колдонгонбуз. Булардын ою эптеп алдап элди тономой окшойт.
25.03.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар иштебесе айлык албаса каяктан толошот.Дагы приложение колдоносун деп коет.
Чык эшике! Омей!Уйдо жат.
bekmaral түзөттү 2020-03-25 18:33:03
25.03.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп кабатту уйлордун эсептегичте щитке кулпулап койгон болсонор канип алабыз.кыш менен апрелдин айрымасы ото чон 700дон ашырып 2.16дан эсептеп жыргыйт экенсинерда а
25.03.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кое тургулачы,жумуш жок учурунда.
2-3 ай убакыт бергиле!
25.03.2020. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр жотолмок тургай какырсанар дагы болбой светке толотуп алышат. Коросунор,элди ойлогон эч ким деле болбойт.
26.03.2020. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле карапайым элди светти өчүрүп коюп коркутуп болсо да төлөтөт да, оор кырдаал менен алардын иши жок. Ал эми карызы ашып ташып кеткен чиновниктердикин сурап да коюшпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: