super.kg logo

“Москва-Бишкек” поезди менен келген жүргүнчүлөрдү дарыгерлер текшерген

 

20-мартка караган түнү "Москва-Бишкек" темир жол каттамы аркылуу келген поезддин жүргүнчүлөрү коронавируска карата тиешелүү текшерүүдөн өтүшкөн. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын дарыгери Мирлан Султаналиев SUPER.KG порталына билдирди.

"19-марттан 20-мартка караган түнү Москвадан келген поезд биздин оорукананын фельдшери Наталья Данишевская жана эпидемиолог дарыгер Омор Жороев тарабынан текшерүүгө алынган. Текшерүү иштери Кайыңды темир жол бекетинде тепловизор менен жүргүзүлгөн. 59 жүргүнчү жана поезд курамындагылар толук текшерилип, коронавирустун симптомдору аныкталган эмес. Поезд курамы жеке коргонуу жабдуулары менен камсыз болгон (бет кап, кол кап, нымдуу салфетка жана антисептик). Текшерүүнүн жыйынтыгы менен эч кандай кооптонуучу жагдай катталган эмес жана аты аталган дарыгерлер каттоо журналына кол коюшкан. Бул боюнча атайын каттоо журналынан таанышса болот. “Москва-Бишкек” поезди менен келген жүргүнчүлөр дарыгерлер тарабынан текшерилген эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт", - дейт башкы дарыгер.

Эске салсак, буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, Москвадан Бишкекке темир жол каттамы аркылуу келип, аларды эч ким текшербегенин айткан. Ал эми "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан маалымат чындыкка жатпай турганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калк айтса калп ацтпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: