Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Кечээ шектелип жаткан жарандардын ичинен жогорудагы эки адамдан коронавирус чыкты"
Бүгүн, 25-мартта саат 15:00гө карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өтүүдө.
Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат берип жатат.
Ал кечээ, 24-мартта 96 адамдын анализдери шек жаратып жатат деген маалымат боюнча жооп берди.
"Алар кайра экинчи жолу тест тапшырды. Мына алардын ичинен жогоруда айтып кеткен эки жарандан коронавирус чыкты", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Испаниядан келген жаран не максатта келип кайра кетиптир? Ошону тактадыңарбы?