Ички иштер министринин орун басары: "Каттоосу башка жакта болгон жарандар жашаган жеринен аныктама алуусу шарт"
Бүгүн, 25-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында жарандардын жанына алып жүрүүчү маршруттук баракча тууралуу түшүндүрмө берилди.
"Коменданттык саат киргизилген маалда зарыл иштери менен чыгып калса, жаран аты-жөнүн тастыктоочу документ жана маршруттук баракча алып жүрүү керектиги айтылууда. Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алуулары керек", - дейт Орозалиев
25-мартта өлкөдө дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.