super.kg logo

Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат жыйынынын негизгилери

 

Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат жыйын берип, анда аткарылган иштер тууралуу буларды белгилешти:

Бишкек шаарынын бардык периметри боюнча 41 блокпост жайгашты;

Коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин;

Маршруттук баракчаны кагаз бетине калем менен толтурса болот;

Борбордон тышкары жашаган, бирок бул жерде иштеген жарандарга иш берүүчүлөр иштегендиги тууралуу маалымат кагазын биз бере турган өткөрмө кагазга ылайык берүүгө милдеттүү;

Башка шаарда жашаган адамдар азыркы жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалым кат (үй, кварталдык) жана ким экендигин тастыктаган күбөлүгү болууга тийиш;

Бүгүнкү күндөн баштап такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер буузулар болсо, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт;

Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттүү, алардын ээлери толук кандуу иштешин камсыз кылууга тийиш;

Банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык иштешет;

Коомдук тамактануу жайлары жабылды, бирок күндүзү жеткирип берүү кызматын көрсөтсө болот, андай кызматтар 20:00гө чейин ишке ашырылууга уруксат берилет;

Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66-06-16; 66-07-10; 66-21-34; 66-02-48 номерлери боюнча кайрылсаӊыз болот;

20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиция кызматкерлери, медиктер жана коммуналдык кызматтар гана иштейт;

Күндүзгү убакытта массалык маалымдоо каражаттары үчүн чектөөлөр болбойт, аккредитациядан өтүү зарыл, кошумча маалымат берилет;

Эгерде дачага чыгып кеткиӊиз келсе, ошол жакта изоляцияга алынса болот;

Үй жандыктары менен короодо жана кыска убакыт гана сейилдөөгө болот, коменданттык саат мезгилинен сырткары;

Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузууга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралат, протокол түзүлүп, токтом чыгарылып, төлөө банк аркылуу гана жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.03.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка мобилдик номерлери жок бекен же бул номерлерге чалуу бекерби?Мисалы ,мен сегизинчи апрелге чейин гана камдангам,анан да бир нерсе сурагын келсе жок дегенде беш минут суйлошосун,кетти деп кой жыйырма сом..20-чы апрелде бутсо жакшы озгочо абал,чыдаса болот..,эгер узарып кетсечи?
25.03.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aydinnur, 15-апрелге чейин экен, кырдаалга карайт да эми, Баары жакшы болсо 15-апрелде бүтөт буйруса, болгону сабыр кылып турайлы тууган.
25.03.2020. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omar.,сактанып жатканым да..оорукчан атам,майда балдар бар дегендей,озумо го эчтеке деле болбойт,чыдайбыз..,токсондун акшак,жемди нан кылып,сабизди чай кылып ичкен заманынан отконбуз,бул ерунда да ;) коз кыстым))
25.03.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
102 чал, аберишет. Сотовый номерин сурап аласыз)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: