Марк Цукербергден 720 миң даана бет кап. Атактуу компаниялар коронавируска каршы күрөшүү үчүн кандай жардам көрсөтүштү







Учурда дүйнөнү капсалаңга салып жаткан коронавирус менен күрөшүү үчүн дүйнөнүн булуң бурчунан карапайым адамдар болобу, бай адамдар болобу баары биргеликте колунан келген каржылык жардам көрсөтүшүүдө.
Алардын ичинен атактуу компаниялардын коронавирус пандемиясына каршы көрсөткөн каржылык жардамын дүйнөлүк маалымат каражаттары тизмектеп чыкты.
"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 50 миллион доллар суммадагы акчасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүп, өлкөнү бул пандемия менен алышуу үчүн эч нерсени аябоого чакырды.
Ал эми "Тesla" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Калифорниядагы бейтапканаларга 1250 дем алдыруучу аппарат алып берди.
Кытайдагы "Аlibaba" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Африка өлкөлөрүнө 1 жарым миллион коронавирусту аныктоочу тест, 100 миң бет кап жана медиктерди коргоочу атайын 1000 костюм алып берип, жардам колун сунган.
Атактуу "Apple" компаниясынын башчысы Тим Кук АКШ элине 2 миллион бет кап сатып берген.
Популярдуу "Facebook" компаниясынын башчысы Марк Цукерберг медицина кызматкерлерине 720 миң даана бет кап алып берди.



Шайлоого жакындаганда элге умут берип жоголуп кеткен президенттикке талапкерлер,ЖКке болгон шайлоодогу талапкерлер элибизге жардам бергиле.
Кыргызстандагы миллионерлер элге кандай жардам берип жатат билбейм,бирок элге таанымал эмес жарандарыбыз 7.000.000-15.000.000 сом берип колдорун сунушту.
Ушул экоо миллиардер болгондо миллиард акчаларын дагы бергенге даяр экенин корсотушту.