super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 468 миңден ашты

 

26-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 468 миң 523кө жетти. Илдеттен 113 миң 780 адам айыгып ооруканадан чыкса, 21 миң адам каза болду.

Италияда 74 миң 386 адам вирус жуктурган болсо, 7 миң 503 адам каза болуп, 9 миң 362 адам сакайып чыкты.

Ал эми Кытайда 81 миң 667 адам вирусту жуктурса, 73 миң 775 адам жакшы болуп калган. Каза болгондордун саны 3 миң 285ке жетти.

Испания кечээ вирустан улам каза болгондордун санынын көптүгү боюнча 2-орунга чыкты. Илдетти жуктуруп алгандардын саны 49 миңден ашты, айыкандар - 5 миң 367. Каза болгондор - 3 миң 6477 адам

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булакСаламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: