Мэрия коменданттык сааттын эрежелерин жаңсоо тили менен түшүндүргөн видео таратты
Мэрия коменданттык сааттын эрежелерин сурдокотормо (жаңсоо тили) менен түшүндүргөн видео таратты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Биздин өлкө мындай кырдаалга биринчи жолу туш келип жаткандыктан, калктын бардык катмары үчүн өзүн кандай алып жүрүү керектигин түшүндүргөн маалымат берүү маанилүү деп эсептейбиз. Ошондуктан ден соолугунан аярлуу болгон жарандарга сурдокотормо аркылуу эрежелерди түшүндүргөн ролик жарыяладык", - дешти маалымат кызматынан.
Сурдокотормону №27 кесиптик лицейдин мугалими Нина Золотницина ишке ашырган.
Коменданттык сааттын эрежелерин сурдокотормо менен түшүндүргөн видео (кыргыз тилинде)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.