super.kg logo

"Үй жыйнагыла". Министрлик карантиндин эрежелерин сактоого чакырды

 

Бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустан сактануунун эң башкы сактануу жолу - обочолонуу экенин айтты. Акматова бул ыкманы аталган оору жугуп жаткан өлкөлөрдүн баары сактап жатканын билдирди.

Обочолонуу - бул коомдук социалдык жоопкерчиликти сезүү. Ошол эле учурда үйдө отурган учурда да коронавирустан сактануу жолдоруна токтолду. Ал колдонгон буюмдардын баарын өз учурунда дезинфекциялап туруу керектигин, эшиктин туткаларын да аарчып туруу кажет экенин айтты. Ошол эле учурда кайсы бир жайдан келгенден кийин сырткы кийимди чечип жуу же сыртка 3 саатка калтыруу эрежеге ылайык. Сыртка чыккан учурда жеңи узун кийимдерди кийип, акча купюра кармагандан кийин колду антисептикалык каражат менен тазалоо туура болот.

"Карантинде отурган учурда үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү кайсы бир жумуш менен алек болгону туура. Балким, үйдү жыйнап, тазалап чыгасыңар. Китеп окугула, айтор, карантинди сактоо баарыбыздын милдетибиз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: