super.kg logo

"Иммунитетти кантип көтөрөбүз?". Министрлик жооп берди

 

"Коронавирус иммунитети алсыздарга оңой жугат дешет, эмне жесек иммунитет көтөрүлөт?" деген суроо бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматовага берилди. Ал биринчи кезекте алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуу керектигин айтты. Мындан тышкары чылым чегүү да адамдын организминин алсыздануусуна алып келерине токтолду.

"Чылым чеккендерди мен азыр эле таштагыла деп айта албайм. Бирок тамеки тартуу да иммунитеттин чыңдалышына тоскоол болот. Тамактанууда жашылча-жемиштерге көбүрөөк көңүл бурган туура. Мисалы, сабиз, кызылча кошулган азыктарды жеп туруу жакшы жыйынтык берет. Булар витаминдештирилген тамак-ашка кирет. Алма, бал да жакшы жардам берет. Үйдө өзүбүз жасаган ысык тамак да бизге жакшы күч берет. Студенттер көбүнчө тез тамактануучу жайлардан түштөнүп алышат, мен аларды бул азыктардын ордуна организмине пайда алып келген азыктарды жегенге чакырам. Күнүнө 2-2 жарым литр суу ичүү керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
26.03.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул суроону баягы депутат берсе керек.
26.03.2020. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи кезекте Тазалык ! Ар нерсени жэрден алдын жууп чайкап жэйли , Гигиенаны сактайлы Не Сахар берүүсү эмнеге өз өмүрүн тобокелчиликке
салып жүрөт ? Биздин ден соолугубуз үчүн да !!
26.03.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Студенттерге ким эле кундо ысык тамак жасап берип атыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: