Рамазан айында чогулган битир-садага эртең таратылып баштайт
Эртең, 28-августта Рамазан айынында жыйналуусу шарт болгон мусулмандардан чогултулган битир-садага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында саат 10:00дө жана саат 17:00дө Бишкек шаарынын Абай көчөсү, 57 дарегинде жайгашкан карылар үйүндө таркатылмакчы. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле каражаттар 30-августта саат 10:00дө Беловодск айылындагы балдар үйүнүн кызматкерлерине таркатылат. Бул иш-чараларга муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев жана муфтияттын кызматкерлери катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















