super.kg logo

Кытай коронавирустан коргонуучу каражаттарды Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде берди

 

Коңшу мамлекеттин жардамын кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. Маалыматты өлкөдө коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдан билдиришти.

"Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусуна тилектештигин билдирди.

Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук бет кап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу бет каптар, ошондой эле миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана бет каптарды Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине тапшырышты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
26.03.2020. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырахмат Кытайга
26.03.2020. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кытайлардан күмөнүм бар,өздөрүнө жеңилин жуктурумуш болуп дүйнө жүзүнө оорураак вирусун таркатып койуштубу деген.Ай ким билет...
26.03.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вирусту бериштиго. Эми ушул бергендердин ордуна бир нерсе алышат. Биздин ХХХХ жерге, алтынга алмашышат.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-26 16:51:36
26.03.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким вирус бардыр бул коробкаларда,кыргызды кырып вирус менен,жерин алайын деген амалкойу болушу мумкун,ким билет.
26.03.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилемчилик кылсаңар берет да. Зээригииип отурса эле Кыргызстан оюна келе калыптырбы же кытайлардын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: