Америкалыктар коронавирустан сактануу үчүн массалык түрдө бункер сатып алышууда

Америкалыктар коронавирустан сактануу максатында бункерлерди алып башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бункер чыгарган компаниянын негиздөөчүсү Клайд Скотт акыркы кезде буюртмалар абдан көп болуп жатканын билдирген. Алар жасаган эң арзан 1 бөлмөлүү бункер 39 миң 500 доллар турса, сауна, бильярд, бассейн, бир нече унаа баткан гаражы бар бункер 8 миллион доллардан жогору бааланат. "Буга чейин медициналык себеп менен башпаанек издеген бир да адамды көргөн эмеспиз. Көбүнчө саясий багытта кайрылышчу", - дейт Скотт.
Бункерлерге суроо-талап жогорулаганын дагы бир бункер чыгарган компаниянын жетекчиси Рон Хаббард тастыктаган. "Мурункуга салыштырмалуу бункерлер көп сатылып баштады. Бирок вирус адамдарга болбой баратканда башпаанеги бар деген ишенимди гана берип жатат", - деген ал.
Бункерге камалганга чейин вирустун алдын алуу, коргонуу маанилүү дешет компания ээлери.
Учурда жер астына, жер үстүнө курулган бункерден тартып шкаф же бөлмөнүн жарымын башпаанек кылган бункерлерге чейин талап күч болууда. Скоттун айтымында, бункерге ар кандай шартта жашаган жана ар кайсы кесиптин ээлери буюртма кылышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
murat17

26.03.2020. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
муну кыргыздар укпасын
Samatalibei

26.03.2020. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
murat17, Кыргыздар укса да акчасы жетпейт экен. Өмүр суу бүтсө мындай бункерлер жардам бербейтко.
kechirmeni

26.03.2020. 15:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллах бешенесине жасса бункер эмес Антарктидага кетип калса да жугат, просто жакшы сактанышса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.