super.kg logo

УКМК: "Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды" деген жалган маалымат берген жаран кармалды"

 

"Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды" деген жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"23-мартта 1973-жылы туулган Э.М. аттуу Кыргыз жараны кармалды. Ал Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат берген. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында коронавирус жуктургандар аныкталган эмес. Э.М. менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады", - деп жазылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Мекемеден жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эскертишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.03.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалган маалымат айткандан эмне адреналин алабы
26.03.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талпайган бетин ачып элге корсотуп койгулачы,жалган тараткан эл душманын эл да корсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: