Ысык-Көл ОИИБинин башчысы кызматкерлерди карантиндик режимдин сакталышын күчөтүүнү тапшырды





Бүгүн, 26-мартта Ысык-Көл ОИИБи жана Каракол ШИИБинин милициясынын өздүк курамы карантиндик режимдин сакталышына жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө багытталды.
"Мындай кадамга баруу шаар тургундары коронавирус оорусунун коркунучун тийиштүү деӊгээлде кабыл албай жатканы себеп болууда. Жашоочулар бири-бирине мейманга баруу, өтө зарылчылык болбосо дагы көчөлөргө чыгууда. Ушундан улам милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан тышкары шаар ичинде өзгөчө зарылчылык болбосо, унаалардын кыймылына дагы чектөөлөр киргизилет", - деди облустук милициянын башысы Улан Асанбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.