super.kg logo
  Саясат  

Президент Азия өнүктүрүү банкынан Кыргыз мамлекети үчүн экономикалык тобокелчиликтерди азайтууга каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылды

 

Бүгүн, 26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДейган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тышкы көйгөйлөрдүн шартында Кыргыз өлкөсү менен аталган банктын эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы банк менен биргеликте кызматташуудагы оң тажрыйбаларды канааттануу менен белгилеп, Кыргыз Республикасынын экономикасын жана анын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышына жана мындан улам ишкердик активдүүлүктүн жай болуп жатканына байланыштуу учурдагы кырдаал Кыргыз өлкөсүнө, анын ичинде соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөргө да, биргелешкен аракеттер менен гана чечиш керек болгон жаңы чакырыктарды таштаганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкына эки тараптуу кызматташууну жигердештирүү мүмкүнчүлүктөрүн жана коронавирус инфекциясын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча антикризистик чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргыз мамлекети үчүн экономикалык тобокелчиликтерди азайтуу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылды.

Кэндис МакДейган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам кризистик кырдаалга кептелгендиктерин айтып келип, эпидемияга каршы күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн экономикасын колдоо үчүн банк каражаттарды мобилизация кыла тургандыгын ишендирди.

Кэндис МакДейган өкмөтүнөн финансылык чукул жардам көрсөтүү тууралуу билдирме түшкөндүгүн жана банк өлкөнүн экономикасы үчүн потенциалдуу коркунучтарга баа бере баштагандыгын билдирди.

Ошондой эле Кэндис МакДейган банк өзгөчө абал шарттарында саламаттыкты сактоо системин колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу максатында башка өнөктөштөр менен консультацияларды өткөрө тургандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: