Коронавирус Казакстанда. 4 саат аралыгында ооругандардын саны 97ге жетти
Коңшу Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 26-март саат 13:00гө карата 97ге жетти. 4 саат мурда, тагыраагы, эртең мененки саат 08:00дө ооругандардын саны 88 экени кабарланган. Акыркылардан болуп вирусту жуктуруп алгандар Нур-Султан шаарында катталды. Мындай статистиканы аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Жабыркагандардын ичинен 2 бейтап айыккан, алар 26-мартта ооруканадан чыгарылат деп айтылат маалыматта.
Ооругандардын ичинен 55 жаран Нур-Султанда, 34 жаран Алматы шаарында, 2 жаран Караганда облусунда, 2 жаран Алматы облусунда, 1 жаран Ак-Төбө облусунда, Шымкент облусунда 1, Жамбыл облусунда 1 жана Түндүк Казакстан облусунда 1 жаран катталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.