super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекет дин тармагын өз алдынча таштап коё албайт”

 

“Мамлекет диний кырдаалдын өнүгүүсүн өз алдынча таштап коё албайт”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 27-августта КРнын Президентине караштуу Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда. Талкууда дин тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурулду. Президент мамлекет диний кырдаалдан сыртта тура албастыгын баса белгиледи. “Биз динди өз алдынча таштап коё албайбыз. Мамлекет бул максаттар үчүн бардык чараларды көрүүсү жана зарыл каражаттарды табуусу, кадамдарды алдын ала ойлонуп так эсептөөсү керек”, - деди Атамбаев.

Тема боюнча олуттуу пикирлер айтылды. Эксперттер Азиза Абдырасулова, Кимсанбай Абдурахманов, Төлөйкан Исмаилова, Кадыр Маликов жана башкалар сунуш-пикирлерин айтышты. Айта кетсек, коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети - этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: