Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Өлкөнүн саламаттыгы үчүн карантин эрежелерин толук сактаңыздар"
Бүгүн, 26-мартта саат 15:00дө коронавирус боюнча өлкөдөгү абал тууралуу онлайн маалымат жыйыны өтүүдө. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, журналисттердин алдын ала кат түрүндө берилген суроолоруна жооп берүүдө.
Ал өз сөзүндө, элге кайрылып төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Бизге түшкөн маалыматтарга ылайык Бишкек шаарынын четиндеги аймактарда карантиндин эрежелери толук сакталбай, элдер мурдагыдай эле көчөгө чыгып, бири-бири менен жолугуп, баарлашып жатышыптыр. Мен калкты өзүнүн, балдарынын, өлкөнүн саламаттыгы үчүн эрежелерди сактоого чакырам", - деди Акматова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.