Өзбекстанда коронавируска 65 адам чалдыкты. Учурда өлкөнүн төрт облусунда жабыркагандарды дарылоо үчүн оорукана курулууда




Өзбекстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн кыска убакыт аралыгында оорукана курулат. Ооруканалар Ташкентте, Андижанда, Навоиде жана Сурхандарьяда курулат деп жазышты өзбек басылмалары.
Учурда Ташкенттин өзүндө 3 атайын медициналык жайдын курулуш иштери башталды. Жакынкы аралыкта ооруканалар коронавирус менен жабыркагандарды кабыл ала баштайт. Ал эми карантиндик жайды куруу үчүн 55 гектар жер бөлүнүп берилди. Ушундай эле коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн оорукана жана карантинге алуучу жайлар жогоруда аталган облустарда курулат деп айтылат маалыматта.
Учурда Өзбекстанда коронавирус менен 65 адам ооруп жатат. Алардын ичинен 13 бейтапка пневмония диагнозу коюлду. Ал эми 4 жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жалалабаттын инфекционный отделениеси өтө кичинекей!!!