Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова: "Өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын санын жашыруу мүмкүн эмес"
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта берип жаткан маалымат жыйынында "өлкө ичинде коронавирус менен ооругандардын так саны жашырылуудабы?" деген суроого жооп берди.
"Ооругандардын санын жашыруу мүмкүн эмес, анткени азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө оорунун белгилери бар адамдар жатат. Аларда оору аныкталып жана таза да чыгып калышы мүмкүн. Эгерде бейтапта оорунун белгилери жоголуп кетсе эле биз дароо чыгара калбайбыз, анда оору аныкталбаган маалда да дарылап анан чыгарабыз", - деп билдирди министрликтин өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.